ELQR

ELQR деген эмне?

ELQR: Кыргызстандагы ыңгайлуу жана коопсуз улуттук төлөм системасы

ELQR – телефон аркылуу жүргүзүлгөн Кыргызстандагы ыңгайлуу жана коопсуз улуттук төлөм системасы. Бул сизге онлайн-банкыңыздан өлкөнүн каалаган башка банкына же төлөм системасына акча которууга мүмкүнчүлүк берет. Жөн гана банкыңыздын тиркемесин же телефондогу электрондук капчыкты ачып, кодду сканерлеп, төлөмдү ырастаңыз. Бул накталай акчаны колдонуу муктаждыгын чечүүгө жардам берет жана дүкөндөрдө, онлайн сатып алуулар үчүн төлөөнү жеңилдетет.

Эмне үчүн кадимки банктар аралык которуунун ордуна колдонуу керек?

ELQR кадимки банктар аралык которууларга караганда бир катар артыкчылыктарды сунуш кылат. Биринчиден, ELQR колдонууда ыңгайлуулукту жана жөнөкөйлүктү камсыз кылат. Сиз банктын филиалына барбастан же кагаз документтерди толтурбастан, мобилдик телефонуңуз аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө аласыз. Бул сиздин убактыңызды жана энергияңызды үнөмдөйт. Мындан сырткары, которуу үчүн комиссиялар(кошумча төлөмдөр) айрым банктар тарабынан алынышы мүмкүн, бирок алар кадимки банктар аралык которууларга караганда төмөн. ELQR аркылуу төлөмдөрдү жөнөтүү жана алуу менен акчаңызды үнөмдөйсүз.

ELQR кантип иштейт?

ELQR QR-код технологиясына негизделген. Төлөмдү жөнөтүү үчүн банктык тиркемеңизди ачып, ELQR опциясын тандап, мобилдик банктан же акча жөнөткүңүз келген төлөм системасынан QR-кодду сканерлөө керек. Сканерлөөдөн кийин, сиз төлөмдү ырастайсыз жана акча алуучуга которулат. Төлөмдү алуу үчүн банкыңыздын тиркемесинен, өзүңүздүн жеке QR-кодуңузду ачып, жөнөтүүчүгө аны сканерлөөсүнө уруксат беришиңиз керек. Андан кийин, акча сиздин эсебиңизге которулат. Бардык процесс ылдам жана коопсуз ишке ашырылып, транзакциянын катышуучулары үчүн ыңгайлуулукту камсыздайт.

ELQR кайсы валюталарды колдойт?

ELQR учурда Кыргызстандын улуттук валютасы болгон сомду гана колдойт. Система өлкө ичинде колдонуу үчүн иштелип чыккан, ар кандай банктар аралык жана Кыргызстандагы төлөм системаларынын ортосундагы сом менен которууларды жеңилдетет. Эгер сиз башка валютада которуу жүргүзүүңүз керек болсо, валютаны конвертациялоону сунуш кылган башка финансылык каржатттарга же кызматтарга кайрылышыңыз керек.

Суммаларга кандай чектөөлөр бар?

ELQR суммаларга чектөөлөрдү ар бир конкреттүү банктын же төлөм системасынын саясатына жараша коёт. Адатта, бул чекттөөлөр которуунун максималдуу жана минималдуу суммасына байланыштуу болот. Конкреттүү чектөөлөр боюнча толук(кеңири) маалымат алуу үчүн банкыңызга же ELQR кызмат көрсөтүү провайдерлерине кайрылуу сунушталат. Алар сизге финансылык транзакцияларыңыз үчүн ELQR колдонууда коюлуучу чектөөлөр жөнүндө так маалымат бере алышат.

ELQR аркылуу кантип төлөмдү жөнөтсө болот?

  1. Банкыңыздын тиркемесин ачыңыз.
  2. QR же ELQR бөлүмүнө өтүңүз.
  3. "ELQR аркылуу которуу" баскычын басыңыз.
  4. Алуучунун QR-кодун сканерлеңиз.
  5. Акча жөнөтүүнү ырастаңыз.

ELQR аркылуу төлөмдү кантип алса болот?

  1. Банкыңыздын тиркемесин ачыңыз.
  2. QR же ELQR бөлүмүнө өтүңүз.
  3. "Менин кодум"(“Мой код”) баскычын басыңыз.
  4. Жөнөтүүчүгө QR кодуңузду сканерлөөсүнө уруксат бериңиз.

Кайсы банктар жана төлөм кызматтары ELQRди колдойт?

Учурда ELQR төмөнкүлөр тарабынан колдоого алынат:

  • Elcard
  • Mbank
  • RSK24
  • DemirBank
  • ElSom
  • Bakai Bank
  • NambaOne
  • Kompanion
  • Halyk Bank
  • Ayl Bank
  • Finca Bank
  • O!Dengi
  • Balance
  • KKB
  • KSB
  • MegaPay

Кантип колдонуу керектиги боюнча нускаманы окуңуз